Карабалта тоо-кен комбинаты натыйжалуу калыбына келтирилүүдө.

Кара-Балта тоо-кен комбинатында активдүү реабилитациялык иштер жүрүп жатат.

Комбинат 1955-жылы ишке киргизилген. Ал Советтик Союздун атом өнөр жайы үчүн уранды иштетүү боюнча эң ири ишканага айланган, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 3 миң тоннага жеткен.

Башында комбинат уран рудаларын иштеткен, кийин молибден, вольфрам, калай, алтын, күмүш, барит жана дем алуу органдарын коргоочу каражаттардын өндүрүшүн өздөштүргөн.

1997-жылы объект менчиктештирүү программасына киргизилип, 2007-жылы ААК «Кара-Балта тоо-кен комбинатынын» мамлекеттик акциялар пакетинин 72,78% чет элдик жеке тараптарга сатылган. Бирок инвесторлордун начар менеджменти өндүрүштүн төмөндөшүнө алып келди. 2016-жылы комбинат өз ишин токтоткон, ал эми 2022-жылы салык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карызынан улам банкрот деп жарыяланган. Жалпы карыз 1 миллиард 652 миллион сомду түзгөн. Жумушчулар айлап эмгек акы албай, 300дөн ашык кызматкердин 50ү гана калган.

Эки жыл мурун президент Садыр Жапаров комбинаттын абалы менен таанышып, министрлер кабинетине жана ААК «Кыргызалтынга» жумуш орундары жана активдерди сактап калуу, объектилерди реабилитациялоо жана жумушчуларга эмгек акыларды, салык жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Реструктуризация процессинин жүрүшүндө жаңы ишкана – ОсОО «Кара-Балта тоо-кен компаниясы» (ОсОО «КГРК») түзүлгөн. ААК «Кыргызалтын» КГРКнын акциялар пакетин сатып алып, салык жана төлөмдөр боюнча карыздарды, жумушчуларга жана контрагенттерге болгон эмгек акыларды төлөп берген.

Компаниясы

Байланыштар

Байланыштар

office@kgrk.kg