Компания жөнүндө

ЖЧК «Карабалта тоо-кен компаниясы» 2024-жылы ишке кирди.

ЖЧК «Карабалта тоо-кен компаниясынын» 100% уставдык капиталына ээлик кылган жалгыз акционери ААК «Кыргызалтын» болуп саналат.

ААК «Кыргызалтын» ЖЧК «Карабалта тоо-кен компаниясынын» 100% үлүшүн сатып алуусу ишкананын ишке киришин камсыздап, Кара-Балта шаарына кайрадан күчтүү экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгүн жана мурдагы Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк объекттеринде көптөгөн жумуш орундарын түзүүгө шарт түздү.

ЖЧК «Карабалта тоо-кен компаниясынын» негизги ишмердүүлүгү уранды, түстүү, сейрек кездешүүчү металлдарды жана башка пайдалуу кен байлыктарды кайра иштетүүнү камтыйт. Алдыда өндүрүштүк объекттерди модернизациялоо ишкананын коопсуздук жана экологиялык жоопкерчилик боюнча жогорку стандарттарга жооп берүүсүн камсыздоого багытталган.

ЖЧК «Карабалта тоо-кен компаниясы» стратегиялык маанилүү ишкана болуп саналат жана ал аймактын экономикасынын өнүгүшүнө узак мөөнөттүү салым кошууга багытталган. Бул өнөр жай инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана Кыргыз Республикасынын эл аралык рыноктогу позицияларын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.